> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков 2 айга камакка алынды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/07/08/ukmknyn-murdagy-orun-basary-urnabek-shadybekov-2-aiga-kamakka-alyndy/
- Published: 2026-07-08T10:27:55.000Z
- Updated: 2026-07-08T10:27:54.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат

**Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбековду 2-сентябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти.**

> *Маалыматка таянсак, ага Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгы үчүн жасалган же оор кесепеттерге алып келген коррупция) боюнча айып тагылган. Эске салсак, У.Шадыбеков бир күн мурда кармалган.*

Уранбек Шадыбеков 2026-жылдын февраль айында атайын кызматтагы кеңири кадрдык өзгөрүүлөрдөн кийин УКМК төрагасынын орун басары жана киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун жетекчиси болуп дайындалган. Буга чейин ал улуттук коопсуздук органдарында эмгектенип келген. 8-июнда президенттин жарлыгы менен ээлеген кызматынан бошотулган.