Самаркандда Оштун соода-экономикалык багыттагы мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды
Ош шаарынын делегациясы Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн боордош шаарлардын эл аралык форумуна катышты. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Иш-чарага Өзбекстан, Кыргызстан, Түркия, Жапония, АКШ, Франция жана Орусиянын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.
Форумдун алкагында Ош жана Наманган шаарларынын ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык, билим берүү, маданият жана спорт багыттарында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев иш-чаранын жүрүшүндө бир катар чет өлкөлүк өнөктөштөр менен жолугушууларды өткөрдү. Анда инвестиция тартуу, туризмди өнүктүрүү жана шаардык башкаруу тутумун санариптештирүү багытындагы биргелешкен долбоорлор талкууланды.
Маалыматка ылайык, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү Ош шаарынын инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга, ошондой эле туруктуу өнүгүүгө жаңы шарттарды түзүүгө багытталган.




с