> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди
- URL: https://im.kg/biilik/2026/07/31/turkmonstandyn-prezidenti-serdar-berdymukhamedov-kyrgyzstanga-keldi/
- Published: 2026-07-31T05:26:41.000Z
- Updated: 2026-07-31T05:26:40.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Саясат

**Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди.**

Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришкендей, жогорку даражалуу конокту Ысык-Көл облусундагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

> Белгилей кетсек, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары соода, энергетика, туризм тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоо, транспорттук коридорлорду кеңейтүү жана аймактагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/6a6c2ab915793.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/6a6c2ab9f1219.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/6a6c2ab9b60b2.jpeg)