> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Кореяда
- URL: https://im.kg/biilik/2026/09/16/prezident-sadyr-zhaparov-ish-sapar-menen-koreiada/
- Published: 2026-09-16T03:15:19.000Z
- Updated: 2026-09-16T03:15:18.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, расмий иш сапар менен Корея Республикасына келди. Сеул шаарынын аэропортунан Мамлекет башчысын Кореянын климат, энергетика жана экология биринчи вице-министри Ким Хан Сын жана башка расмий адамдар тосуп алышты.**

Аэропорттун флагштокторуна Кыргызстандын жана Кореянын мамлекеттик туулары илинип, кызыл килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысынын Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган. Ошондой эле Президент Садыр Жапаров “Борбор Азия - Корея Республикасы” биринчи саммитине катышат.

Мындан тышкары Мамлекет башчысы бизнес-саммиттин атайын сессиясына катышуусу пландалган. 

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**