> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент Садыр Жапаров иш сапар менен АКШга барды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/09/19/prezident-sadyr-zhaparov-ish-sapar-menen-akshga-bardy/
- Published: 2026-09-19T05:10:31.000Z
- Updated: 2026-09-19T05:10:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Бүгүн, Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Америка Кошмо Штаттарынын Юта штатына барды. Мамлекет башчысын Солт-Лейк-Сити шаарынын аэропортунан Юта штатынын Сенатынын президенти Стюарт Адамс тосуп алды.**

Сапардын алкагында Президент штаттын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, ошондой эле туризм жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы америкалык тараптын тажрыйбасы менен таанышуусу күтүлүүдө.

Андан соң Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарына жөнөп, ал жерде БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышат, ошондой эле мамлекет башчылары жана АКШнын ири компанияларынын жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**