> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аяз Баетов президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/09/21/aiaz-baetov-prezidenttin-ozgocho-tapshyrmalar-boiuncha-ataiyn-okulu-bolup-daiyndaldy/
- Published: 2026-09-21T09:30:34.000Z
- Updated: 2026-09-21T09:30:33.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аяз Баетов президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.**

Дайындоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык жүргүзүлдү. Анын президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү катары жаңы милдеттери коомдук башталышта аткарылары белгиленди.

Аяз Батыркулович Баетов азыркы учурда Нью-Йорк шаарындагы БУУда Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызматын ээлейт. Ага чейин ал, 5 жыл бою Юстиция министри кызматын аркалап келген.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**