> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# БШК аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоого жарандарды чакырды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/09/28/bshk-aimaktyk-shailoo-komissiialarynyn-rezervin-toluktoogo-zharandardy-chakyrdy/
- Published: 2026-09-28T11:43:34.000Z
- Updated: 2026-09-28T11:43:33.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо үчүн жарандардан, саясий партиялардан жана коомдук бирикмелерден документтерди кабыл алууну жарыялады. Тийиштүү документтер 2026-жылдын 7-октябры саат 18:00гө чейин кабыл алынат.**

> Резервдери толуктала турган комиссиялардын арасында Түп, Каракол, Ак-Суу, Ысык-Ата, Аламүдүн, Чүй, Токмок, Талас шаардык, Талас, Жумгал жана Токтогул аймактык шайлоо комиссиялары бар.

Шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди саясий партиялар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары - жергиликтүү кеңештер сунуштай алышат.

Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматчылары, талапкерлер жана алардын өкүлдөрү шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло алышпайт.

Мындан тышкары, башка мамлекеттин жарандыгы бар, соттуулугу жоюлбаган же алынбаган, башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгон жана айрым негиздер боюнча мурда комиссия мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдар да комиссиянын курамына кире алышпайт. Бир комиссиянын курамына жубайлар жана жакын туугандар бир учурда шайлана алышпайт.

Резервге кирүү үчүн жарандар тиешелүү жергиликтүү кеңешке документтерин тапшырышы керек. Саясий партиялар талапкерлердин документтерин түздөн-түз БШКга беришет.

**Керектүү документтер:**

- шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдук берүү жөнүндө арыз жана мыйзам талаптарын сактоо боюнча милдеттенме;
- паспорттун көчүрмөсү; билими, иштеген же окуган жери көрсөтүлгөн биографиялык маалымат же резюме;
- жашаган дареги жана байланыш телефондору;
- жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук; талапкерди көрсөтүүчү субъекттин протоколу.

БШК талапкерлер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашашы керектигин белгиледи.