> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту
- URL: https://im.kg/biilik/2026/09/30/bshk-zhergiliktuu-keneshterdin-bir-katar-deputattarynyn-yigarym-ukuktaryn-toktottu/
- Published: 2026-09-30T09:49:28.000Z
- Updated: 2026-09-30T09:49:27.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Бүгүн, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Москва, Панфилов, Каракол, Ат-Башы жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.**

> БШКнын маалыматына караганда, жыйындын жүрүшундө катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер кабыл алынды. Ага ылайык:

\- Москва районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаты Колоева Бактыгүл Раимбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Пашунько Татьяна Сергеевнага өткөрүлүп берилди; 

\- Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Осмоналиев Жеңиш Калыбековичтин ыйгарым укуктары да анын арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер Егембердиев Урмат Каратаевичке өткөрүлүп берилди; 

\- Каракол шаардык кеңешинин депутаттары Омуркулов Бактыбек Конокбековичтин жана Торобеков Азамат Нурлановичтин ыйгарым укуктары да арыздарынын негизинде токтотулуп, алардын ордуна кийинки талапкерлер Казакбаев Кайрат Аныварбековичке жана Сагынбек уулу Эрланга өткөрүлүп берилди;

\- Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Муратова Жасмина Муратовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;

\- Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары Иманбеков Бактыярдын жана Сыдыков Кенжебек Бакасовичтин ыйгарым укуктары да арыздарынын негизинде токтотулуп, бош калган мандаттар кийинки талапкерлер Оморкулов Улан Тынарбековичке жана Тургуналиев Замирбек Бактыбековичке өткөрүлүп берилди.