> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эмгек министрлигинде жаңы дайындоо
- URL: https://im.kg/biilik/2026/09/30/emgek-ministrliginde-zhany-daiyndoo/
- Published: 2026-09-30T08:46:06.000Z
- Updated: 2026-09-30T08:46:05.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**“Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 18-беренесине ылайык, Алиясов Арлен Кубанычбекович Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.**

Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Билдирүүгө караганда, бүгүн Президенттин Администрациясынын тармактык саясат секторунун башчысы Жыпариса Рыспекова министрликтин жамаатына жаңы биринчи орун басарды тааныштырды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/1_O4uSayW.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

Арлен Кубанычбекович Алиясов 2021–2026-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде эмгектенип, ар кандай, анын ичинде жетекчилик кызматтарды аркалаган. Министрдин биринчи орун басары кызматына дайындалганга чейин чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүн жетектеп келген.

Министр Алмаз Имангазиев Арлен Кубанычбековичке мындан аркы ишинде ийгиликтерди, үзүрлүү эмгекти жана чың ден соолукту каалады.