> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине барды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/10/02/sadyr-zhaparov-spacex-kompaniiasynyn-kaliforniiadagy-ondurushtuk-kompleksine-bardy/
- Published: 2026-10-02T03:10:40.000Z
- Updated: 2026-10-02T03:10:39.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Президенти Садыр Жапаров, Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында Калифорния штатынын Хоторн шаарындагы SpaceX компаниясынын өндүрүштүк комплексине барды.** **Мамлекет башчысы космостук техника чогултулуучу өндүрүштүк бөлүмдөрдүн иши менен таанышты.**

Президентке даярдыктын ар кандай этаптарындагы ракета алып жүрүүчүлөрдүн баскычтары көрсөтүлүп, заманбап материалдар, инженердик чечимдер жана сапатты көзөмөлдөө технологиялары тууралуу маалымат берилди.

SpaceX космос тармагындагы дүйнөлүк лидерлердин бири болуп саналат жана дүйнөдөгү эң кымбат технологиялык компаниялардын катарына кирет. Компания ракета алып жүрүүчүлөрдү, космостук кемелерди жана спутниктерди иштеп чыгат жана өндүрөт, учкучтуу космостук учууларды ишке ашырат жана Starlink глобалдык спутниктик байланыш системасын өнүктүрөт.

Президент Садыр Жапаров учууларды башкаруу борборуна да барып, анда космостук миссияларды коштоп жүрүү жана борттук системаларды көзөмөлдөө иштери менен таанышты. Мамлекет башчысына **SpaceX** компаниясынын скафандрлары көрсөтүлүп, космонавттардын коопсуздугун камсыз кылуу технологиялары тууралуу маалымат берилди.

Иш сапардын өзүнчө бөлүгү **Starlink** системасына арналды. Президентке спутниктердин үч мууну көрсөтүлүп, алардын түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөр жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашы тууралуу айтып беришти.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Кыргызстанда пилоттук долбоордун алкагында Starlink спутниктик интернет кызматтарын көрсөтүү башталган. Бул технология алыскы жана бийик тоолуу калктуу конуштарды жогорку ылдамдыктагы интернетке, билим берүү ресурстарына жана мамлекеттик санариптик кызматтарга туташтыруу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/WhatsApp-Image-2026-10-01-at-16.50.38--2-.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/WhatsApp-Image-2026-10-01-at-16.50.38--3-.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/WhatsApp-Image-2026-10-01-at-16.50.39-1.jpeg)