> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айзада Субакожоева Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/10/16/aizada-subakozhoeva-kyrgyzstandyn-kytaidagy-elchisi-bolup-daiyndaldy/
- Published: 2026-10-16T05:52:00.000Z
- Updated: 2026-10-16T05:51:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Президент Садыр Жапаровдун жарлыктарына ылайык, Айзада Субакожоева Кыргызстандын Кытайдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Ал буга чейин Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары кызматын ээлеп келген.**

> Президенттин тескемесине ылайык, **Айзада Субакожоева** башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу аталган агенттиктин башчысынын орун басары кызматынан бошотулду.

Ошондой эле мамлекет башчысынын жарлыгы менен **Актилек Мусаева** Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси **кызматынан бошотулду.**

Тиешелүү жарлыктарга жана тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.