> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров Арменияга расмий иш сапар менен барды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/10/16/sadyr-zhaparov-armeniiaga-rasmii-ish-sapar-menen-bardy/
- Published: 2026-10-16T03:40:24.000Z
- Updated: 2026-10-16T03:40:24.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Арменияга расмий сапар менен барды. Сапардын алкагында ал БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагында өткөн Лидерлер саммитине катышты.**

Бул расмий иш сапар Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын чакыруусу менен уюштурулган. Алгач Садыр Жапаров Лидерлер саммитинин расмий ачылыш аземине катышты. Иш-чара өтүүчү жайда аны Армениянын президенти Ваагн Хачатурян жана премьер-министри Никол Пашинян тосуп алышты. Аземдин жүрүшүндө мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларына театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды.

> Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, расмий иш сапар 17-октябрга чейин уланат. Анын алкагында Садыр Жапаров Армениянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Сапардын жыйынтыгында кызматташтыктын ар кыл багыттары боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/IMG_5974.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/IMG_5980.jpeg)