> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-россия соода-экономикалык маселелери каралды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/03/kyrgyz-rossiia-sooda-ekonomikalyk-maeselelri-karaldy/
- Published: 2026-11-03T10:41:00.000Z
- Updated: 2026-11-03T10:40:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Саясат

**Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Москва шаарында Россия Федерациясынын Өкмөт төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту.**

> МинКабдан кабарлагандай, жолугушууда кыргыз-россия соода-экономикалык күн тартибинин актуалдуу маселелери каралды.

Тараптар эки өлкөнүн ишканалары ортосундагы өндүрүштүк кызматташтыкты кеңейтүүнү, биргелешкен өнөр жай долбоорлорун ишке ашырууну жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин катышуусунда өндүрүштүк чынжырларды өнүктүрүүнү талкуулашты. 

Өзгөчө ЕАЭБ алкагындагы кызматташтыктын жана өнөр жайды өнүктүрүүгө жана өлкөлөрдүн экономикалык дараметин чыңдоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди. 

**Ошондой эле бажы кызматтарынын өз ара аракеттенүүсү, бажы жол-жоболорун өркүндөтүү жана өз ара сооданын мындан ары өсүшү үчүн алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча пикир алмашуу болду.* 

Шайкештикти баалоо боюнча документтерди негизсиз берүү учурларын алдын алуу боюнча биргелешкен иштин маселелери талкууланды. 

Жолугушуунун жыйынтыгында Данияр Амангелдиев жана Алексей Оверчук Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык байланыштарын чыңдоо боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашышты.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**