> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсында кадрдык өзгөрүү орун алды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/03/kyrgyzstan-uluttuk-elektr-tarmagy-aaksynda-kadrdyk-ozgoruu-orun-aldy/
- Published: 2026-11-03T09:56:06.000Z
- Updated: 2026-11-03T09:56:05.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсы мекемеде кадрдык өзгөрүүлөр орун алганын билдирди.** 

> Маалыматка ылайык, директорлор кеңешинин чечими менен компаниянын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. 

Ошондой эле компаниянын капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча башкы директорунун орун басары Искандер Адиев ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Гулжигит Мурзакаримов дайындалды. 

Директорлор кеңешинин төрагасы Жыргалбек Турускулов Мурзакаримовду эмгек жааматка тааныштырып жатып, анын алдында турган негизги милдеттерди белгиледи. 

**Алардын катарында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, капиталдык курулуш иштерин өнүктүрүү, пландаштырылган иштердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу, ошондой эле инвестициялык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу маселелери бар.* 

Мындан тышкары, өлкөнүн электр тармактарын модернизациялоого жана өнүктүрүүгө, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын чыңдоого багытталган долбоорлорду ишке ашыруу иштерин күчөтүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.