> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акай Кыдыров Президенттике талапкерлигин көрсөттү
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/04/akai-kydyrov-prezidenttike-talapkerligin-korsottu/
- Published: 2026-11-04T09:03:54.000Z
- Updated: 2026-11-04T09:03:53.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Бүгүн Акай Кыдыров Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу БШКдан билдирди.**

> Билдирүүгө ылайык, президентик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү 12-ноябрда саат **24:00дө** аяктайт.

**БШКнын маалыматына караганда, буга чейин Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Боршайкомго үч адам арызын беришкен. Алар: ишкер Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков жана Сыймык Жапыкеев.* 

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.

**Акай Кыдыров - кыргызстандык, 1991-жылы 16-ноябрда Россия Федерациясында туулган. Үй-бүлөлүү жана үч баласы бар. Ал англис жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Орто билимин Новопавловкадагы №2 мектепте аяктаган. 2013-жылы ал Кыргызстан Эл аралык университетин Дипломатиялык жана консулдук кызмат адистиги боюнча аяктаган жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиядан магистр даражасын алган. 2015-жылдан 2021-жылга чейин ал Йокогама жана Нагоя шаарларындагы үч жапон компаниясын башкарып, ал жерде эл аралык менеджмент жаатында баалуу тажрыйба топтогон. 2018-жылдан азыркыга чейин ал эл аралык логистикалык компаниянын негиздөөчүсү жана башкы директору болуп иштеп келет.*

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**