> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Данияр Амангелдиев Москвада ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/04/daniiar-amangeldiev-moskvada-eek-keneshinin-zhyiynyna-katyshty/
- Published: 2026-11-04T07:31:00.000Z
- Updated: 2026-11-04T07:30:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнөн билдирди.** 

> Маалым болгондой, жыйындын күн тартибине евразиялык экономикалык интеграциянын негизги багыттары боюнча **41 маселе** киргизилген. 

Алардын ичинде соода саясаты, өнөр жай кызматташуусу, энергетика, техникалык жөнгө салуу жана Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн башка чөйрөлөрү камтылган.  
  
ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү Жогорку Евразия экономикалык кеңештин "2027-жылга Евразия экономикалык бирлигинин эл аралык ишмердигинин негизги багыттары жөнүндө" чечиминин долбоорун жактырышты. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/6aead1cc6185a-thumb--1-.jpg)

**Документ ЕАЭБдин 2027-жылга эл аралык ишмердигинин негизги багыттарын жана артыкчылыктарын, ошондой эле аларды ишке ашыруунун механизмдерин жана куралдарын аныктайт.*

Мындан тышкары, Кеңеш Евразия өкмөттөр аралык кеңештин «Евразия экономикалык бирлигинин санариптик күн тартибин ишке ашыруу максатында санариптик долбоорлорду кароо тартибин бекитүү жөнүндө» чечиминин долбоорун жактырды.   
  
Ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттер тарабынан өзүнчө жөнгө салуу чаралары колдонулуучу, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташылып чыгуучу товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелери (Атайын эрежелер) бекитилди. 

**Бул документти кабыл алуу товарлардын келип чыгышын көзөмөлдөөнү камсыз кылууга жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өндүрүүчүлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоого багытталган.*

Евразия экономикалык бирлиги менен Пакистандын ортосунда Эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнүн максатка ылайыктуулугун изилдөө боюнча изилдөө тобунун ишинин жыйынтыктары жактырылды.

**ЕЭК Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча каралган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.*