> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Россия ветеринария тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/04/kyrgyzstan-menen-rossiia-veterinariia-tarmagyndagy-kyzmattashtykty-keneitet/
- Published: 2026-11-04T12:01:00.000Z
- Updated: 2026-11-04T12:00:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Кыргызстандын Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Россельхознадзор) жетекчиси Сергей Данкверт менен жолугушту.** 

Айыл чарба министрлиги билдиргендей, жолугушууда Кыргызстандагы ишканалардын продукциясын Россия рыногуна экспорттоого уруксат берүү үчүн сертификациялоо иштерин кайра жандандыруу маселеси каралды.

**Тараптар бул багыттагы мындан аркы кадамдарды, ошондой эле кыргызстандык продукциянын Россия рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган компетенттүү ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.*

Мындан тышкары, ветеринардык көзөмөл, эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, жаныбарлардын ылаңдарын алдын алуу үчүн Россияда өндүрүлгөн ветеринардык дары-дармектерди жана иммунобиологиялык препараттарды жеткирүү, ошондой эле аларды колдонуу боюнча илимий жана консультациялык колдоо көрсөтүү маселелери каралды.

**Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду мындан ары өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн компетенттүү ведомстволорунун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.*