> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экономика министри ЮНИДО менен кызматташуунун 3 негизги багытын атады
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/05/ekonomika-ministri-iunido-menen-kyzmattashuununu-3-bagytyn-atady/
- Published: 2026-11-05T08:53:44.000Z
- Updated: 2026-11-05T08:53:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму (*ЮНИДО*) менен кызматташуунун үч негизги багытын белгиледи. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча аймактык форумда билдирди.** 

> *Маалым болгондой, Кыргыз Республикасы 1993-жылдан бери ЮНИДОго мүчө болуп саналат.* 

Министрдин айтымында, ЮНИДО менен кызматташуунун негизги артыкчылыктуу багыттарына төмөнкүлөр кирет: 

**1\. Адам капиталын жана кесиптик компетенцияларды өнүктүрүү.** *Ишканалар менен билим берүү мекемелеринин кызматташуусун бекемдөө, практикалык окутууну жана заманбап өнөр жайдын муктаждыктарына ылайык кадрларды кайра даярдоону өнүктүрүү каралууда. Жаштардын, аялдардын жана аймактардагы ишкерлердин кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.*

2**. Ата мекендик продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу**. *Сыноо лабораторияларын модернизациялоо, сапат инфраструктурасын өркүндөтүү жана ишканалардын, өзгөчө чакан жана орто бизнестин сыноо жана сертификаттоо кызматтарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү артыкчылыктуу милдеттерден болуп саналат.* 

**Бул соодадагы техникалык тоскоолдуктарды азайтууга жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.*

**3\. Энергияны үнөмдөөчү жана ресурстарды сарамжалдуу пайдаланган технологияларды киргизүү.** *Өндүрүштүк жоготууларды кыскартууга, электр энергиясын, сууну жана чийки затты үнөмдүү пайдаланууга, ошондой эле өндүрүш процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган заманбап чечимдерди киргизүүгө көмөк көрсөтүү каралууда.*

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**