> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Министр Кулубаев 6-ноябрда Астанадагы саммитке катышат
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/05/ministr-kulubaev-6-noiabrda-astanadagy-sammitke-katyshat/
- Published: 2026-11-05T08:59:18.000Z
- Updated: 2026-11-05T08:59:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**6-ноябрда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын Астана шаарында өтөт турган "Акаба процессинин" жасалма интеллект коопсуздугу боюнча саммитине катышат.**

> ТИМдин маалыматына караганда, аталган иш-чара Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Иордания Королдугунун Королу Абдалла II тарабынан демилгеленген.

Саммиттин жүрүшүндө жасалма интеллекттин өнүгүшү жана колдонулушуна байланыштуу эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелери каралат. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/1061729465_0_129_2835_1724_1920x0_80_0_0_b1886c9678daa81f2238111a9cd77ae3.jpg)

Ошондой эле заманбап коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты бекемдөө пландалууда.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**