> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улан Молдодосов Спорт агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/05/ulan-moldodosov-sport-agenttiginin-direktorunun-orun-basary-bolup-daiyndaldy/
- Published: 2026-11-05T09:45:54.000Z
- Updated: 2026-11-05T09:45:54.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Улан Молдодосов Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кызматына дайындалды.** 

> Мекеменин маалыматына караганда, жаңы жетекчини бүгүн эмгек жамаатка тааныштырылды. 

Аны Президенттин админстрациясынын президенттин жана министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Эржигит Ибраимов тааныштырды. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/889147584_1147027057670510_4026000313589395466_n.jpg)

Улан Молдодосов буга чейин Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Региондордо дене тарбияны, инфраструктураны жана массалык спортту өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги болуп иштеп келген. 

**Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктары:**

- 2008-жыл — Кыргыз Республикасынын оор атлетика боюнча эмгек сиңирген спорт чебери.
- 2022-жыл — Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы.
- 2026-жылдын 9-сентябры — Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт отличниги.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**