> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жеңишбек Асылбек Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/06/zhenishbek-asylbek-kara-balta-shaarynyn-meri-bolup-daiyndaldy/
- Published: 2026-11-06T09:52:42.000Z
- Updated: 2026-11-06T09:58:33.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын мэри болуп Жеңишбек Асылбек дайындалды. Бул тууралуу 6-ноябрда президенттин администрациясынан билдирди.** 

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон. 

> Жарлыкка ылайык, ал мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды.

**Буга чейин аталган кызматты Алмазбек Исаков аркалап келген. Ал 2026-жылдын сентябрь айында жумуштан кеткен.* 

Жеңишбек Асылбек буга чейин Баткен облусунун Лейлек районунун акими кызматын аркалаган. 

Жеңишбек Асылбек 1988-жылы төрөлгөн.

**Иш тажрыйбасы:**

- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде;
- Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде;
- Энергетика жана өнөр жай министрлигинде;Энергетика министрлигинде;
- Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде;Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Кыргыз геологиялык кызматында;
- Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин алдындагы Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинде эмгектенген.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**