> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/08/kyrgyzstan-zharandyk-aviatsiia-zhaatyndagy-kyzmattashtyk-boiuncha-c5-1-konferentsiiasyna-katyshty/
- Published: 2026-11-08T09:03:00.000Z
- Updated: 2026-11-08T09:02:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**2026-жылдын 3–5-ноябрында Өзбекстандын Ташкент шаарында Кытай – Борбордук Азия (C5+1) жарандык авиация жаатындагы кызматташтык боюнча III конференциясы болуп өттү. Ага КРнын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин делегациясы катышты.**

> Маалым болгондой, анда катышуучулар жарандык авиацияны өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, аймактык кызматташтыктын келечеги жана өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашышты.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/892036772_1582768780559086_5220431699166880277_n.jpg)

Иш-чаранын алкагында Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги менен Кытайдын Жарандык авиация башкармалыгынын (CAAC) өкүлдөрү эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

**Анда эки өлкөнүн ортосундагы* ***аба каттамдарын кеңейтүү, каттамдардын жыштыгын көбөйтүү** **жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды.*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/899465123_1582768717225759_2812225951524397489_n.jpg)

Ошондой эле Өзбекстандын авиациялык бийлик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлүп, анда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана аба каттамдарын мындан ары өнүктүрүү перспективалары каралды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/895545176_1582768767225754_3013880766993880690_n.jpg)

Конференциянын жыйынтыгында жарандык авиация жаатындагы кызматташтык боюнча C5+1 IV конференциясы **2027-жылы Кыргызстанда өткөрүлөрү белгиленди.** 

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**