> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/08/moskva-raionunda-ishke-ashyrylyp-zhatkan-investitsiialyk-dolboorlor-ataldy/
- Published: 2026-11-08T07:20:00.000Z
- Updated: 2026-11-08T07:19:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Москва районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана мындан ары өнүктүрүү пландары менен таанышты.** 

> Президенттин администрациясы билдиргендей, анда мамлекет башчысына акыркы жылдары райондо пайдаланууга берилген ири өнөр жай ишканалары тууралуу маалымат берилди. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/2.jpg)

**Акыркы жылдары райондо:**

- **410 млн сом** инвестиция салынып, **40 жумуш орду** түзүлгөн "Бай Элим Компани" консерва заводу курулган;
- "Тулпар Моторс" автомобилдерди чогултуучу заводунун курулушуна **4 млрд 375 млн сом** инвестиция багытталып, 100 жумуш орду түзүлгөн;
- "Ак-Суу асыл тукум чарбасы" канаттуулар чарбасына салынган инвестициялардын көлөмү **450 млн сомду** түзүп, **145 жумуш орду** түзүлгөн.

Учурда райондо бир катар ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда;

- **1,2 млрд сом** инвестиция көлөмүндөгү Ак-Суу декадалык жөнгө салуу бассейнинин курулушу уланууда.

**Ал* ***2 048 га** *айыл чарба жерин сугаруу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.* 

- **437,5 млн сомдук** "Радуга Корм" балык тоютун өндүрүүчү заводдун, жалпы инвестиция көлөмү 40 млн АКШ долларын түзгөн чакан гидроэлектр станцияларынын;
- Инвестиция көлөмү **20 млн АКШ долларын** түзгөн "United Concrete Canvas" ЖЧКсынын геосинтетикалык цемент-композиттик жабууларды өндүрүүчү заводунун курулушу жүрүп жатат.

Мындан тышкары, инвестиция көлөмү **4 млн АКШ долларын** түзгөн "Таштан" фермердик чарбасынын жана баасы **3 млн АКШ долларын** түзгөн "Кыргызцентрпродукт" ЖЧКсынын долбоорлору ишке ашырылууда. 

**Акыркы ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 20 миң тонна продукцияны түзөт.* 

Муну менен катар Ак-Торпок айылында **200 гектар аянтта** индустриалдык-логистикалык парк түзүү пландалууда. 

**Долбоордо ишканаларды жана инвестицияларды тартуу үчүн даяр инфраструктурасы бар өндүрүш аянтчасын түзүү каралган.*

 Толук кубаттуулукка чыккандан кийин 350–500 туруктуу жумуш орду түзүлүп, жергиликтүү бюджетке салыктык түшүүлөр көбөйөт деп күтүлүүдө.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**