> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда шайлоочулардын саны 4,5 миллионго жакындады
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/09/kyrgyzstanda-shailoochulardyn-sany-4-5-milliongo-chukuldady/
- Published: 2026-11-09T05:32:00.000Z
- Updated: 2026-11-09T05:31:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Борбордук шайлоо комиссиясы 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады.**

> Мекеменин маалыматына ылайык, Кыргызстанда алдын ала тизме 4 467 040 шайлоочу бар. 

Алдын ала шайлоочулардын тизмеси кагаз түрүндө 2026-жылдын 18-ноябрына чейин өлкөдөгү **2492 шайлоо** участкасында илинет.

**Бул тизме Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мамлекеттик "*[**Тизме*](https://tizme.gov.kg/)**" порталына жайгаштырылды.*

Шайлоочу өзүн тизмеден 2027-жылдын 12-январына чейин текшере алат:

 • 1255 же 119 кыска номерлерине чалып;

 • шайлоо участогунан;

 • «[**tizme.gov.kg**](https://tizme.gov.kg/)» сайтынан;

 • же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат (SMS жана чалуулар акысыз).

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, шайлоочу 2027-жылдын 12-январына чейин электрондук форматта "[**tizme.gov.kg**](https://tizme.gov.kg/)" сайтында "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу арыз менен кайрыла алат. 

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**