> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жарандардын кайрылууларын кароо тартибине өзгөртүүлөр киргизилди
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/09/zharandardyn-kairyluularyn-karoo-tartibine-ozgortuulor-kirgizildi/
- Published: 2026-11-09T06:21:00.000Z
- Updated: 2026-11-09T06:20:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Кыргызстанда жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.**

> Президенттин администрациясынын маалыматына караганда, мыйзам 2026-жылдын 15-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

**Мыйзамга төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:**

- электрондук билдирүүлөр мамлекеттик тутуму, башка маалыматтык тутум, расмий сайт жана электрондук почтанын расмий дареги аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылуулар белгиленген тартипте каралууга тийиш;
- электрондук кайрылууга жооп электрондук документ жүгүртүү тутумунда түзүлөт, электрондук колтамга коюлат жана мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий электрондук почтасы аркылуу жаранга кайрылууда көрсөтүлгөн **электрондук дарегине,** ал эми ал жок болсо – андан кайрылуу келип түшкөн **электрондук дарекке** жөнөтүлөт.
- эгерде кайрылууда жоопту **почта дареги** боюнча жөнөтүү жөнүндө өтүнүч камтылса, **ал жазуу** жүзүндө гана жиберилет;
- эгер кайрылуунун өзүндө башкача көрсөтүлбөсө, мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары жарандарга кайрылууну кароонун натыйжалары жана ал боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө ошол кайрылуу берилген формада маалымдоого милдеттүү.

**Мыйзам мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандардын электрондук кайрылууларын кароо тартибин оптималдаштыруу максатында кабыл алынган.*

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**