> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/10/emgek-kodeksine-ozgortuu-kirgizildi/
- Published: 2026-11-10T12:01:00.000Z
- Updated: 2026-11-10T12:01:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Кыргызстанда Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров** [**кол койду.** ](https://president.kg/kg/news/all/41117)

Мыйзам 2026-жылдын 15-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

**Мыйзамдын максаты эмгек акыны индексациялоону анын реалдуу мазмунун камсыз кылуунун мыйзамдык механизми катары бекитүү болуп эсептелет.*

> Документке ылайык, кызматкерлердин эмгек акысынын реалдуу өлчөмүнүн деңгээлин жогорулатуу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын өсүшүнө байланыштуу эмгек акыны индексациялоо аркылуу камсыз кылынат. 

Эмгек акыны индексациялоо тартиби жамааттык келишимдерде, макулдашууларда же уюмдун ички документтеринде белгиленет.

**Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.*

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**