> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан - Словения кызматташтыгы талкууланды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/10/kyrgyzstan-sloveniia-kyzmattashtygy-talkuulandy/
- Published: 2026-11-10T10:07:34.000Z
- Updated: 2026-11-10T10:09:08.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Саясат

**9-ноябрда тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Словениянын Кыргызстандагы элчиси Аленка Сухадолник менен жолугушуу өткөрдү.**

> ТИМден билдиргендей, тараптар саясий диалогду активдештирүү, парламенттер аралык жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Анда соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү келечегине өзгөчө көңүл бурулду. 

**Ушуга байланыштуу тараптар алдын ала саясий консультацияларды өткөрүүнүн жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда* ***бизнес-форум** *уюштуруунун максатка ылайыктуулугун белгилешти.* 

Кызматташтыктын келечектүү багыттары катары энергетика, гидроэнергетика жана туризм тармактары, анын ичинде тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга словениялык инвестицияларды тартуу маселелери белгиленди.

Ошондой эле тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулашты.

**Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар достук мамилелерди мындан ары чыңдоого жана Кыргызстан менен Словениянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.*