> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/10/sadyr-zhaparov-prezidenttik-shailoogo-talapkerligin-korsottu/
- Published: 2026-11-10T10:59:00.000Z
- Updated: 2026-11-10T11:36:23.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Саясат

**10-ноябрда өлкө башчысы Садыр Жапаров президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды.** 

Садыр Жапаров президенттик кызматка 2021-жылдын 28-январында киришкен.Ал 2021-жылдын январь айындагы президенттик шайлоодо добуштардын **79,2%ын** алган. 

> БШКнын маалыматына ылайык, бүгүнкүгө карата президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү боюнча жалпы 6 жарандан арыз келип түштү. 

Алар: Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Сыймык Жапыкеев жана Акай Кадыров, Исхак Масалиев жана Садыр Жапаров. 

**Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.* 

Ушул жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш президентик шайлоону дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин токтом долбоорун кабыл алган. Ага ылайык, шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. 

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**