> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бактыбек Калмаматов Президенттикке талапкерлигин көрсөттү
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/11/baktybek-kalmamatov-prezidenttikke-talapkerligin-korsottu/
- Published: 2026-11-11T05:13:22.000Z
- Updated: 2026-11-11T06:45:36.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Саясат

**11-ноябрда Бактыбек Калмаматов Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу БШКдан маалымдады.**

> Билдирүүгө караганда, Президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү **2026-жылдын 13-ноябрына чейин** белгиленген.

Калмаматов Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты болгон. 

> БШКнын маалыматына ылайык, бүгүнкүгө карата президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү боюнча жалпы **7 жарандан** арыз келип түштү.

**Алар: Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Сыймык Жапыкеев жана Акай Кадыров, Исхак Масалиев жана Садыр Жапаров, Бактыбек Калмаматов.* 

Белгилей кетсек, өлкөдө президенттик шайлоо **2027-жылдын 27-январында** өтөт. Учурда өздөрүн талапкерликке көрсөткөндөрдү колдоо этабы "Түндүк" тиркемеси аркылуу жүрүүдө.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**