> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/11/kasymaliev-cop31-alkagyndagy-liderlerdin-sammitinin-achylyshyna-katyshty/
- Published: 2026-11-11T12:37:00.000Z
- Updated: 2026-11-11T12:36:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Анталья шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясынын (COP31) алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылыш аземине катышты.**

> Маалыматка караганда*, климаттык конференциянын ишине дүйнөнүн 190дан ашуун өлкөсүнүн делегациялары, анын ичинде 102 дүйнөлүк лидер катышууда.*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/6af44f0a3d034-thumb--1-.jpg)

****Конференцияга катышып жаткан делегация башчылары**

**COP31де Париж келишимин ишке ашыруу, парник газдарынын бөлүнүп чыгышын кыскартуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, климаттык каржылоону тартуу жана кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү маселелери талкууланууда.*

Ошондой эле өкмөт башчы "Тоо күн тартибин илгерилетүү: мөңгүлөр жана криосфера, температуралык чектен ашуу шартында туруктуулукту чыңдоо, жалпы жоопкерчилик жана туруктуу каржылоо" аттуу жогорку деңгээлдеги иш-чарага катышат.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**