> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/11/kyrgyz-ozbek-aiyl-charba-ministrleri-kyzmattashuu-boiuncha-suiloshushtu/
- Published: 2026-11-11T12:15:00.000Z
- Updated: 2026-11-11T12:14:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Бүгүн Ташкент шаарында айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Өзбекстандын айыл чарба министри Иброхим Абдурахмонов менен жолукту.** 

> Маалым болгондой, жолугушууда тараптар буга чейин жетишилген айыл чарба тармагында эки тараптуу кызматташуу боюнча макулдашуулардын ишке ашырылышынын жүрүшүн сүйлөштү. 

Анда, эки тараптуу биргелешкен өндүрүш ишканаларын Кыргызстандын аймагында куруу жөнүндө Мамлекет башчыларынын тапшырмасы коюлган. 

**Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен, Кыргызстандын аймагында айыл чарба продуктуларын кайра иштетүү жана сактоо боюнча ишкананы түзүү макулдашылды.*

Белгилей кетсек, Өнүктүрү фонду Кыргызстан жана Өзбекстанстан аралык экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында негизделген.

**Андан сырткары,* ***үрөөнчүлүк багытында эки тараптуу кызматташуу маселелери** *сүйлөшүлдү. Ага ылайык, Кыргызстандын аймагында* ***үрөөн өндүрүлүп** *Өзбекстандын* ***рыногуна чыгаруу** **макулдашылды.* 

Анда Акунбеков өлкө лидерлери койгон тапшырмалардын алкагында айыл чарба тармагында эки тараптуу кызматташуу ырааттуу жүрүп жатканын айтып, өзгөчө Кыргызстандан Өзбекстанга картошканы экспортко чыгарууда кошумча нарк салыгын (КНС) алып салуу боюнча сунушун киргизди. 

**Кошумчалай кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Талас облусунун жашоочулары менен болгон жолугушууда, жергиликтүү дыйкандардын кайрылуусунан кийин картошканын экспортуна КНСти алып салууну тапшырган.* 

Өз кезегинде Абдурахмонов өзбек тарап Кыргызстандан чыгарылган картошка сыяктуу жана башка айыл чарба продуктуларынын бардык түрүн импорттоодо жашыл коридор түзүп берүүгө байланышкан иштерди алдыга жылдырууга дайым даяр экенин билдирди.