> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик сатып алуулар жана билим берүү жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизилди
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/11/mamlekettik-satyp-aluular-zhana-bilim-beruu-zhonundo-airym-myizam-aktylaryna-ozgortuu-kirgizildi/
- Published: 2026-11-11T05:58:11.000Z
- Updated: 2026-11-11T05:58:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 21-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «”Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.**

> Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын финансылык туруктуулугун, автономия менен мамлекеттик көзөмөлдүн тең салмактуулугун, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча уникалдуу адистештирилген жогорку окуу жайы катары туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууга багытталган.

Аталган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**