> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МинКаб башчысы Касымалиев иш сапары менен Түркияга барды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/11/minkab-bashchysy-kasymaliev-ish-sapary-menen-turkiiaga-bardy/
- Published: 2026-11-11T05:10:00.000Z
- Updated: 2026-11-11T05:09:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Саясат

**10-ноябрда КРнын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Түркияга барды.** 

> МинКабдын маалыматына ылайык, өкмөт башчысы Анталья шаарында өтүүчү БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясына (COP31) катышат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/6af34076a6b18-thumb.jpg)

**Адылбек Касымалиев Лидерлер саммитинин сессиясынын ачылыш аземине, ошондой эле "Тоо күн тартибин илгерилетүү: мөңгүлөр жана криосфера, температуралык чектен ашуу шартында туруктуулукту чыңдоо, жалпы жоопкерчилик жана туруктуу каржылоо" аттуу жогорку деңгээлдеги иш-чарага катышат.*

Саммит Түркиянын Анталья шаарындагы "Antalya Expo Center" борборунда **9-ноябрдан 20-ноябрга чейин** өтөт. Ага **190дон ашык** өлкөнүн делегациялары, **102 мамлекеттин лидерлери, 300дөн ашык министрлер,** ошондой эле эл аралык уюмдардын, бизнес секторунун жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда. 

COP31де Париж келишимин ишке ашыруу, парник газдарынын бөлүнүп чыгышын кыскартуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, климаттык каржылоону тартуу жана кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү маселелери талкууланууда.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**