> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент ЖККУ жыйынына катышуу үчүн Москвага барды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/11/prezident-zhkku-zhyiynyna-katyshuu-uchun-moskvaga-bardy/
- Published: 2026-11-11T05:45:47.000Z
- Updated: 2026-11-11T05:46:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**КРнын президенти Садыр Жапаров 10-ноябрда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россиянын Москва шаарына барды.** 

> Президенттин администрация маалымдагандай, мамлекет башчысын "Внуково 2" эл аралык аэропортунан Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.

Эске сала кетсек, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, сессиялар аралык мезгилдеги уюмдун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын, ошондой эле жамааттык коопсуздукту чыңдоо боюнча мындан аркы чараларды талкуулашат.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**