> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президенттик шайлоо: Бакытбек Адылов талапкерлигин көрсөттү
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/11/prezidenttik-shailoo-bakytbek-adylov-talapkerligin-koidu/
- Published: 2026-11-11T08:57:35.000Z
- Updated: 2026-11-11T09:12:16.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Бүгүн Бакытбек Адылов президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.**

> БШКнын маалыматына караганда, ал өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөттү. 

Адылов 2011-2012-жылдары Жалал-Абад шаарынын мэри, 2015-2016-жылдары Өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп эмгектенген. 2020-жылы өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын тизмесинде талапкер катары катышкан. 

**Президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү* ***2026-жылдын 13-ноябрына чейин** *белгиленген.*

Бүгүнкүгө карата президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү боюнча жалпы **8 жарандан** арыз келип түштү.

**Алар: Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Сыймык Жапыкеев, Акай Кадыров, Исхак Масалиев, Садыр Жапаров, Бактыбек Калмаматов жана Бакытбек Адылов.* 

Белгилей кетсек, өлкөдө президенттик шайлоо **2027-жылдын 27-январында** өтөт. Учурда өздөрүн талапкерликке көрсөткөндөрдү колдоо этабы "Түндүк" тиркемеси аркылуу жүрүүдө.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**