> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ТИМ башчысы Кулубаев ЖККУнун биргелешкен жыйынына катышты
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/11/tim-bashchysy-kulubaev-zhkkunun-birgeleshken-zhyiynyna-katyshty/
- Published: 2026-11-11T04:25:11.000Z
- Updated: 2026-11-11T04:25:10.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Саясат

**КРнын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) уставдык органдарынын биргелешкен жыйынына катышты.**

> ТИМдин маалыматына ылайык, иш-чара 10-ноябрда Москва шаарында өттү.

Жыйында ЖККУнун жоопкерчилик аймагындагы аскердик-саясий кырдаал, аймактык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу чакырыктары, ошондой эле Уюмдун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча пикир алмашуу болду.

> Өз сөзүндө Кулубаев Борбордук Азиядагы коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине көңүл буруп, терроризмге, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, уюшкан кылмыштуулукка жана киберкоркунучтарга каршы күрөшүүдө биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жыйындын катышуучулары Россиянын ЖККУга төрагалыгынын жыйынтыктарына оң баа беришти. Алар **2027-жылы** Тажикстандын алдыдагы төрагалыгынын артыкчылыктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

**Жыйындын жыйынтыгында Уюмдун Жамааттык коопсуздук кеңешинин Декларациясынын жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 35 жылдыгына жана Уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган тиешелүү* ***Иш-чаралар планынын долбоорлору,** *парламенттер аралык кызматташтыктын ролу жөнүндө* ***Билдирүүнүн долбоору** *, ошондой эле мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүн мындан ары чыңдоого багытталган бир катар чечимдер жактырылды.*

Жактырылган документтердин долбоорлору бүгүн Москва шаарында өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизилет.

Аталган жыйынга президент Садыр Жапаров катышары [маалымдалган](https://im.kg/koom/2026/11/10/sadyr-zhaparov-zhkkunun-zhyiynyna-katyshuu-uchun-moskvaga-barat/). 

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**