> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Борбордук Азия — Кытай" конференциясында эки документке кол коюлду
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/12/borborduk-aziia-kytai-konferentsiiasynda-eki-dokumentke-kol-koiuldu/
- Published: 2026-11-12T03:24:15.000Z
- Updated: 2026-11-12T03:25:02.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**11-ноябрда Бишкекте өткөн "Борбордук Азия – Кытай" алты өлкөнүн курулуш министрлеринин экинчи жолугушуусунун алкагында биргелешкен эки жыйынтыктоочу документке кол коюлду. Алар:**

- "Борбордук Азия – Кытай" форматына катышкан өлкөлөрдүн курулуш министрлеринин экинчи жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү;
- "Борбордук Азия – Кытай" форматына катышкан өлкөлөрдүн курулуш тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча **2027-2028-жылдарга** карата иш-чаралар планы.

> Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, министрлер жолугушуусунда Кытай, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү Пекин демилгесинин аткарылышын талкуулашты.

Ошондой эле буга чейин жетишилген жыйынтыктарды жана мындан аркы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын карашты.

Жолугушуунун алкагында КРнын курулуш министри Нурдан Орунтаев Кытай Эл Республикасынын турак жай, шаардык жана айылдык курулуш министри Ни Хун, Өзбекстандын курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Шерзод Хидоятов жана Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Низом Юсуфи Мирзозода менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

**Анда курулуш тармагындагы өз ара кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелери талкууланды.*

Кол коюлган документтер аймак өлкөлөрүнүн курулуш тармагындагы кызматташтыгын системалуу өнүктүрүүгө, жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө аткарууга жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга негиз түзөт.