> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдө балдарды эрте өнүктүрүү кызматтары менен камтуу  55 пайыздан ашканы айтылды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/12/olkodo-baldardy-erte-onukturuu-kyzmattary-menen-kamtuu-55-paiyzdan-ashkany-aityldy/
- Published: 2026-11-12T03:55:00.000Z
- Updated: 2026-11-12T03:54:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бангкок шаарында балдарды багуу системаларын өнүктүрүү маселелери боюнча эл аралык тажрыйба алмашуунун алкагында өткөн "Азия-Тынч океан чөлкөмүндө балдарды багуу боюнча сапаттуу жана жеткиликтүү кызматтарды өнүктүрүү" аттуу эл аралык сессияда сөз сүйлөдү.**

> Маалыматка караганда, министр өз сөзүндө катышуучуларды балдарды эрте өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүү жаатындагы Кыргызстандын тажрыйбасы менен тааныштырды. 

Ал билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана ар бир баланын өнүгүүсү үчүн жагымдуу, инклюзивдүү чөйрө түзүү тууралуу айтып берди. 

Анда өлкөдө балдарды эрте өнүктүрүү кызматтары менен камтуу көрсөткүчү **55 пайыздан** ашканы белгиленди.

**Мектепке чейинки билим берүүнүн ар кандай формаларын, анын ичинде кыска мөөнөттүү жана үй-бүлөлүк бала бакчаларды өнүктүрүүгө, алыскы аймактарда жашаган балдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, ошондой эле сапаттуу билим алуу шарттарын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулду.*

Министр ченемдик стандарттарды өркүндөтүү, педагогикалык кадрларды даярдоо, инклюзивдүү ыкмаларды киргизүү жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн санариптик чечимдерди колдонуу тажрыйбасы менен бөлүштү. 

Ошондой эле балдарды багуу боюнча жеткиликтүү кызматтардын социалдык-экономикалык мааниси белгиленди. 

**Мындай кызматтар аялдардын иш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ишкердикти өнүктүрүүгө жана үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугун чыңдоого өбөлгө түзөт.* 

Сессиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын, Кук аралдарынын, Филиппиндин жана Вануатунун өкүлдөрү балдарды багуу боюнча сапаттуу жана жеткиликтүү кызматтарды камсыз кылуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана адистерди даярдоо боюнча улуттук тажрыйбалары жана ыкмалары менен бөлүштү.