> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жетекчилер Бишкек ЖЭБде жыйын өткөрүштү
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/12/zhetekchiler-bishkek-zhebde-zhyiyn-otkorushtu/
- Published: 2026-11-12T08:29:48.000Z
- Updated: 2026-11-12T08:29:48.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**12-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкек жылуулук электр борбору муниципалдык ишканасында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилдеринин өтүшүнө байланышкан маселелер боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.** 

> Өкмөттүн маалыматына ылайык, жыйында энергетика тармагынын күз-кыш мезгилине даярдыгы, электр энергиясын өндүрүү кубаттуулуктарынын ишенимдүүлүгү, ошондой эле керектөөчүлөрдү жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелери талкууланды.

Анда энергетикалык компаниялардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жөнгө салууга, мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүнү камсыздоого жана энергетикалык инфраструктура объектилеринин туруктуу иштешин сактоого өзгөчө көңүл бурулду.

**Отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын, энергетикалык компаниялардын жетекчилери жана тармактын негизги адистери катышты.*

Жыйындын соңунда Акунбеков тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жылытуу мезгилинде энергетикалык объектилердин ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, жабдуулардын техникалык абалына көзөмөлдү күчөтүү, отундун зарыл коруктарын камсыздоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**