> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/13/krnyn-prezidenti-kyzmatyna-talapkerlerdi-korsotuu-moonotu-aiaktady/
- Published: 2026-11-13T09:32:00.000Z
- Updated: 2026-11-13T09:31:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Бүгүн, КРнын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койду. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.**

Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап **8-декабрга чейин** созулат. 

Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде ****30 миң шайлоочунун кол тамгасын** чогултууга тийиш. Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын **13-декабрына чейин** уланат.

Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат.

Эскерте салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо **2027-жылдын 27-январына** белгиленген.