> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/15/erkinbek-osoev-kyrgyzstandyn-iaponiiadagy-elchisi-kyzmatynan-boshotuldu/
- Published: 2026-11-15T12:52:38.000Z
- Updated: 2026-11-15T12:52:38.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Президент Садыр Жапаровдун жарлыктарына ылайык, Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулуп, анын ордуна Урмат Токтогулов дайындалды.**

Эркинбек Осоев бул кызматка 2023-жылдын 12-январында дайындалган. Ага чейин ар кайсы жылдары Осоев, транспорт жана коммуникациялар министри, министрдин орун басары болуп иштеген, Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу тобун жетектеген. Ошондой эле кыргыз-япон долбоорлорун ишке ашырууга катышкан.

Ал эми жаңы элчи Урмат Токтогуловдун буга чейинки кызматтары тууралуу маалымат азырынча жарыялана элек.

Кыргызстан менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 26-январында түзүлгөн. Кыргызстандын Токиодогу элчилиги 2004-жылы ачылган.