> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жарандык абалдын актылары жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/16/zharandyk-abaldyn-aktylary-zhonundo-myizamga-ozgortuulor-kirgizildi/
- Published: 2026-11-16T08:02:54.000Z
- Updated: 2026-11-16T08:02:54.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Президент Садыр Жапаров "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" КРнын мыйзамын өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол** [**койд**](https://president.kg/kg)**у.** 

> Маалым болгондой, мыйзам 15-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты укуктук боштуктарды жоюу жана жарандардын өз мүлкүн эркин тескөөгө жана мүлктү керээз боюнча мурастоого (жакын тууганы болбогон адамдар үчүн) конституциялык укуктарын камсыз кылуу болуп эсептелет.

> Киргизилген өзгөртүүгө ылайык жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк нотариалдык күбөлөндүрүлгөн керээзи (керээз калтыруучунун өлгөндүгү тууралуу күбөлүгү) бар адамга кайрадан берилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**