> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Баатыр энелерге" берилүүчү пенсиялык кошумча төлөм көбөйтүлөт
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/17/baatyr-enelerge-beriluuchu-pensiialyk-koshumcha-tolom-koboitulot/
- Published: 2026-11-17T04:05:23.000Z
- Updated: 2026-11-17T04:05:22.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**16-ноябрда Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган энелерге берилүүчү пенсиялык төлөмдү 5 миңге сомго чейин көбөйтүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, колдоо тапты.** 

Аталган мыйзам долбоорун депутаттар Камила Талиева, Марлен Маматалиев, Алтынбек Кудайбердиев, Уланбек Жаанбаев, Гүлнара Баатырова демилгелеген. 

Парламенттен билдиргендей, долбоордо "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелерге берилүүчү пенсиялык кошумча төлөмдү көбөйтүү сунушталууда.

> Депутат Камила Талиеванын айтымында, учурда "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган энелерге, анын ичинде багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алган энелерге, пенсияга айына **1000 сомдук** үстөк белгиленет. 

Ал билдиргендей, бул сумма **2011-жылдан** бери кайра карала элек. 

> "Мыйзам долбоору мамлекеттик колдоо деңгээлин кайра карап чыгууну жана эсептик базалык өлчөмдүн **5000 пайызын** түзгөн (айына 5000 сомго барабар) пенсияга кошумча төлөмдү белгилөөнү сунуштайт", – деген Камила Талиева 

Өлкөдө "Баатыр эне" ордени 34 миңге жакын энеге ыйгарылган.

Эл өкүлү Советбек Рустамбек уулу "Баатыр эне" ордени менен сыйлоо маселесине токтолуп, жети жана андан ашык баланы төрөп, татыктуу тарбиялаган, бирок балдарынын бири соттолгондугуна байланыштуу бул сыйлыкка ээ боло албай калган энелердин укуктары боюнча маселени ортого салды. 

Депутат Камила Талиева бул сунушту колдоп, аталган маселени жөнгө салууга багытталган өзүнчө мыйзам долбоору иштелип жатканын маалымдады. 

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**