> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Бразилия соода байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуулашты
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/17/kyrgyzstan-menen-braziliia-sooda-bailanyshtaryn-keneituu-boiuncha-talkuulashty/
- Published: 2026-11-17T08:43:50.000Z
- Updated: 2026-11-17T08:43:50.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**КРнын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Сан-Паулу соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Рубин Сторис Миграно менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.** 

Жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү, ишкерлердин кызматташтыгын өнүктүрүү жана жаңы рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

> Маалым болгондой, иш-чарага Кыргызстандан **40ка жакын ишкер** катышты. Өзгөчө көңүл кофе индустриясына бурулду. 

> Бразилия кофе өндүрүү жана экспорттоо боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат. Ал эми кофе фестивалында айтылган маалыматтарга ылайык, Кыргызстан Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн ичинен кофе керектөө боюнча алдыңкы орунда турат.

Бул тармак Кыргызстанда активдүү өнүгүп, көптөгөн жаштарды ишкердикке тартууда. Ошондуктан кофе индустриясында тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты кеңейтүү келечектүү багыттардын бири болуп саналат. 

Ошондой эле Бразилия дүйнөдөгү ири эт өндүрүүчүлөрдүн жана экспорттоочулардын бири. 

Бул багытта да ишкердик байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү бар.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**