> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Пакистан товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча талкуулашты
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/17/kyrgyzstan-menen-pakistan-tovar-zhugurtuunun-kolomun-koboituu-boiuncha-talkuulashty/
- Published: 2026-11-17T11:08:19.000Z
- Updated: 2026-11-17T11:08:19.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат

**Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Исламабад шаарында Пакистандын Премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.**

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылы болуп өткөн сапарлардын алкагында жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. 

> ТИМ маалымдагандай, тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-логистикалык кызматташтыкты кеңейтүү максатында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары активдештирүүнүн зарылдыгын белгилешти. 

Ошондой эле эки тараптуу товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча биргелешкен иштин артыкчылыктуу багыттарын белгилешти.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**