> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өкмөт башчы Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынына катышты
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/17/okmot-bashchy-zhogorku-keneshtin-komitetinin-zhyiynyna-katyshty/
- Published: 2026-11-17T09:45:00.000Z
- Updated: 2026-11-17T09:44:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Саясат

**Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча кеңейтилген комитетинин жыйынына катышты.**

МинКаб башчысы депутаттар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү бюджеттик мыйзам долбоорлорун карап жатышканына токтолуп, Министрлер Кабинети менен Жогорку Кеңештин ортосундагы иштиктүү кызматташтыкты белгиледи. 

> "Бюджеттин ар бир көрсөткүчүнүн артында мектептердин, ооруканалардын иши жана жарандарыбыздын турмушу турат. Ошондуктан сиздердин сунуштарыңыздарга маани беребиз", – деди Адылбек Касымалиев.

> Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы ишин баштагандан бери Президент жана Министрлер Кабинети демилгелеген 178 мыйзам долбоорунун 136сы жактырылып, анын ичинен 126 мыйзамга Президент кол койду. Эл аралык макулдашууларды ратификациялоо боюнча 50 мыйзам кабыл алынды. 

Ошондой эле эмгек акынын индексациясы, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү маселелерине токтолду.

Парламенттик көзөмөл боюнча Жогорку Кеңештен **42 токтом** жана **3 287 депутаттык суроо-талап** келип түшкөн. Анын **24 токтому** толук аткарылып, депутаттык суроо-талаптардын **3 270и** аткарылып, көзөмөлдөн алынды.

> "Ар бир кайрылуунун артында элдин маселеси турат. Аларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу – биздин түз милдетибиз", – деген МинКаб башчысы. 

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун каржылоо боюнча макулдашууну ратификациялоо аркылуу стратегиялык долбоорго укуктук негиз түзүлгөндүгүн баса белгиледи.