> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акыйкатчы инстутуна 10 айда 21 мамлекеттин жаранынан кайрылуу түшкөн
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/18/akyikatchy-instutuna-10-aida-21-mamlekettin-zharanynan-kairyluu-tushkon/
- Published: 2026-11-18T06:20:00.000Z
- Updated: 2026-11-18T06:20:00.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Саясат

**КРнын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Москва шаарында өткөн омбудсмендердин эл аралык конференциясына катышып, сөз сүйлөдү.**

> Акыйкатчы институтунан билдиргендей, иш-чарада ар бир адамдын ишенимин, маданий өзгөчөлүгүн сактоо, тилин жана каада-салтын коргоо, ошондой эле эркиндик жана жеке кол тийбестик укуктары талкууланды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/907009419_1153273831001831_4324546414151063461_n.jpg)

Жамиля Жаманбаева "Чет өлкөлөрдөгү жарандардын укуктары: омбудсмендердин кызматташуу механизмдери жана тажрыйбасы" аттуу сессияда баяндама жасады.

Ал чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештердин укуктарын коргоо максатында Акыйкатчы институту башка мамлекеттердин адам укуктарын коргоо мекемелери менен тыгыз кызматташып келерин белгиледи.

Мисал катары Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен болгон кызматташтыкты атап, жарандарды биргелешип кабыл алуу алардын көйгөйлөрүн ыкчам жана натыйжалуу чечүүгө жардам берерин айтты.

> "Мекенинен алыс жүргөн адам ошол өлкөнүн мыйзамдарын билбей ар кандай кырдаалга туш болуп, тилдик тоскоолдуктардан улам юридикалык жардам алууда кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн. Ошондуктан, алардын укуктарын коргоо механизмдеринин жеткиликтүү болушу өзгөчө маанилүү", — деди Акыйкатчы.

Ошондой эле ал Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандардын укуктарын коргоо маселесине да Акыйкатчы институту өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

> 2025-жылы институтка жалпы **11 өлкөнүн 36 жаранынан** кайрылуу келип түшкөн. Ал эми **2026-жылдын 10 айында 21 мамлекеттин** жаранынан **91 кайрылуу** келген. 

Анын ичинен **27си** Пакистандын, **23ү** Россиянын, **алтоо** Түркиянын жана бешөө Өзбекстандын жарандарынан келген кайрылуулар. Калган кайрылуулар Казакстан, Тажикстан, АКШ, Нигерия, Кытай, Германия, Украина, Индия, Иран, Улуу Британия, Сауд Арабиясы, Сирия, Швеция, Эстония, Польша, Египет жана Кубадан.

Белгилей кетсек, аралык конференцияга дүйнөнүн **70 өлкөсүнүн** өкүлдөрү катышты.