> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто көчөт өстүрүү боюнча заманбап лаборатория курулат
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/18/oshto-kochottorun-osturuu-boiuncha-zamanbap-laboratoriia-kurulat/
- Published: 2026-11-18T05:16:57.000Z
- Updated: 2026-11-18T05:16:56.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Саясат

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Ош облусунун аймагында мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн өстүрүү боюнча заманбап in vitro лабораториясын куруу маселеси талкууланды. Бул 18-ноябрда тууралуу министрликтен маалымдашты.** 

> Белгилүү болгондой, жолугушууга туркия тараптын өкулдөрү катышты. 

Анда багбанчылык тармагын өнүктүрүү, сапаттуу жана вируссуз көчөттөрдү өндүрүү, ошондой эле көчөт өстүрүүдө заманбап биотехнологияларды колдонуу боюнча пикир алмашуу болду. 

Мындан тышкары долбоорду ишке ашыруунун уюштуруучулук жана практикалык маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

> Тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында **2027-жылдан** тартып in vitro технологиясынын негизинде вируссуз, сапаттуу мөмө-жемиш көчөттөрүн өндүрүүнү уюштуруу боюнча макулдашылды.

Аталган долбоорду ишке ашыруу өлкөдө мөмө-жемиш көчөттөрүн өндүрүү көлөмүн көбөйтүүгө, сапаттуу көчөттөр менен камсыздоону жакшыртууга жана өлкөдө багбанчылык тармагын мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

***Маалымат үчүн** *: In vitro лабораториясы айыл чарбада өсүмдүктөрдүн клеткаларын, ткандарын жана органдарын жасалма азыктандыруучу чөйрөдө, стерилдүү шартта өстүрүү (микроклондук көбөйтүү) үчүн колдонулат. Бул ыкма кыска убакыттын ичинде вирустан таза, сапаттуу жана генетикалык жактан бирдей көчөттөрдү массалык түрдө алууга мүмкүндүк берет.*

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**