> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен районуна жаңы аким барды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/19/batken-raionuna-zhany-akim-bardy/
- Published: 2026-11-19T11:03:00.000Z
- Updated: 2026-11-19T11:02:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Саясат

**Баткен районунун акими болуп Болоткан Баяке уулу дайындалды. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.** 

> Билдирүүгө ылайык, тиешелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон. 

Жаңы дайындалган акимди Баткен районунун активине Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев тааныштырды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/912257825_1684924003001048_5999665061830869747_n.jpg)

Болоткан Баяке уулу 1993-жылдын 8-октябрында Чүй облусунун Сокулук районундагы Төш-Булак айылында туулган. Агроном жана экономист адистиктерине ээ.

Эмгек жолун Сокулук районунун Гаврилов айыл өкмөтүндө ветеринардык инспектор болуп баштаган. Андан кийин "Таза-Сокулук" муниципалдык ишканасында башкы инженер болуп эмгектенген.

Ошондой эле Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси, Сокулук жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрацияларында акимдин биринчи орун басары, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы кызматтарын аркалаган.

> Ал жаңы дайындоого чейин Кадамжай районунун акими болуп эмгектенип келген. 

Буга чейин Баткен районунун акими Данир Иманалиев болчу. 

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**