> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды
- URL: https://im.kg/biilik/2026/11/19/kyrgyz-kazak-sooda-ekonomikalyk-kyzmattashtygy-talkuulandy/
- Published: 2026-11-19T11:47:15.000Z
- Updated: 2026-11-19T11:47:14.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Саясат

**19-ноябрда КРнын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Абылкаир Скаковду кабыл алды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.** 

> Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, транзиттик-транспорттук жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү келечектүү багыттарын талкуулашты.

> Билдирүүдө айтылгандай, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ишин модернизациялоо жана алардын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында инфраструктурасын жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. 

Ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен инвестициялык жана соода долбоорлорун илгерилетүү боюнча чаралар талкууланды.

Министр Кулубаев жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде жетишилген макулдашууларды өз убагында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**